Жарыяланган
2025-17-09, 12:03Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев УКМК мамлекеттин эсебине кайтарып жаткан имараттарды мектеп кылып жасап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Ал азыр өлкөдө мектептердин жетишсиздигинен айрым класстарда 60тан бала окуп жатканын айтты.
"Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттин балансына алып жаткан бош имараттардын баарын биринчи кезекте мектептерге бериш керек. Жеке менчик мектеп курам дегендерге жерлерди, бош турган имараттарды берип, маселени чечиш керек", - деди ал.