Akchabarsearch
“Дөөлөт курулуштун” объектилерин Курулуш министрлиги бүтүрөт

Жарыяланган

2026-12-03, 14:34

“Дөөлөт курулуштун” объектилерин Курулуш министрлиги бүтүрөт

“Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги курулуш объектилерин толук бүтүрүү үчүн аларды Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүп берүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Министрдин биринчи орун басары Самат Жантелиев үлүш ээлеринин атайын шайланган өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда “Кудайберген” жана “Шопоков Эко Сити” турак жай комплекстерине байланыштуу документтер даярдалып жатканын айтты. Анын айтымында, бул иштерди бүтүрүүгө белгилүү бир убакыт талап кылынат.

Учурда министрлик компаниянын ишин текшерип жатат. Аудиттин алкагында курулуштун азыркы абалы, аткарылган иштердин көлөмү, каржы маселелери жана үлүш ээлери менен түзүлгөн келишимдер каралууда.

Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда батир сатып алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин үйлөрүн ала элек. Курулуш иштери компаниядагы каржылык көйгөйлөрдөн улам токтоп калган.

Мындан улам үлүш ээлери жардам сурап бир нече жолу тиешелүү органдарга кайрылышкан. Натыйжада компаниянын иши Президенттин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине маселени чечүү боюнча тапшырмалар берилген.
 


Тектеш материалды окуу