
Жарыяланган
2026-28-10, 15:57Кыргызстандан маркетплейстер аркылуу чет өлкөгө товар саткан ишкерлер документтерди туура толтурушу керек. Анткени бир эле сатуучунун катасы бүтүндөй жүк ташуучу унаанын кармалышына себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы коммерциялык жетекчиси Евгения Савенкова-Петриченко билдирди.
Анын айтымында, сатуучулардын бири товардын бажы кодун же башка маалыматтарын туура эмес көрсөтсө, унаадагы бардык товарлардын жеткирилиши кечеңдейт.
2026-жылдын 1-июнунан тарта Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн Россияга товар ташууда жаңы СПОТ системасы иштей баштаган. Ага ылайык, чек арадан өтүү үчүн жүк тууралуу маалымат камтылган QR-код талап кылынат.
Wildberries керектүү маалыматтарды мамлекеттик системага өзү жөнөтөт. Бирок сатуучулар товар тууралуу маалыматтарды жана коштоочу документтерди туура даярдоого милдеттүү.
Атап айтканда, товарды Россиядагы кампаларга жеткирүү үчүн жүк коштомо кагаздары, электрондук эсеп-фактура талап кылынышы мүмкүн. Ошондой эле товардын бажы коду, өндүрүлгөн өлкөсү жана маркировка талаптары туура көрсөтүлүшү керек.
Савенкова-Петриченконун айтымында, эми сатуунун ийгилиги жарнамага гана эмес, товарды жеткирүү эрежелеринин сакталышына да көз каранды.



