
Жарыяланган
2026-17-03, 09:41Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугуп, “Дордой” базарынын ичиндеги шарттарды жакшыртуу маселелерин талкуулады.
Жунушалиев мэрия бизнести колдой турганын белгилеп, бирок базарда соодагерлер менен шаар тургундары үчүн ыңңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин айткан.
Алдыда базарда көп кабаттуу парковка куруу, айлана-тегеректи көрктөндүрүү, базар жактагы көлмөнүн айланасын тосуп, сейилдей турган жай куруу пландалууда.
Мэр базардын аймагындагы парковкаларды мэриянын карамагына өткөрүп берүү талабын айткан. Ал парковкаларда QR-код менен төлөй турган автоматтык системалар орнотулат.
Аскар Салымбеков базардын аймагындагы жолдорду куруу иштери 1-апрелден тарта башталарын билдирген.
Жунушалиев тиешелүу кызматтарга даярдык иштерди аяктап, тоскоол боло турган объектилерди алуу тапшырмасын берген.



