Akchabarsearch
Дронду тыюу салынган жерлерде учургандарга 1 млн сомго чейин айып киргизилгени жатат

Жарыяланган

2026-03-09, 15:28

Дронду тыюу салынган жерлерде учургандарга 1 млн сомго чейин айып киргизилгени жатат

Кыргызстанда дрондорду колдонуу эрежелерин бузгандарга айыппул киргизүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорду Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттик даярдап, коомдук талкууга чыгарды.

Белгилүү болгондой, буга чейин өлкөдө дрондорду каттоодон өткөрүү керек, аны учура турган адам атайын окуудан өтүп, сертификаты болуш керек, дронду учурардан мурда уруксат алыш керек деген нормалар кабыл алынган. Бирок ал эрежени аткарбагандарга эч кандай жаза каралган эмес. Эми ал талапты аткарбагандар үчүн жаза киргизүү пландалууда.

Эмне үчүн жана канча айып салынышы мүмкүн:

  • Каттоодон өтпөгөн дронду учурган жаранга 30 миң сом, юридикалык компанияга 100 миң сом айып.
  • Урусат алуу милдеттүү болгон учурда уруксат албай дрон учурган, же уруксат алып, бирок анда көрсөтүлгөн аймактан чыгып кетип, бийиктигин ашырып, айтылгандан башка убакыт-саатта дрон учурган жаранга 50 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып.
  • Уруксат албай туруп, тыюу салынган аймакта же үстүнөн учурууга болбогон имараттын (объекттин) үстүнөн дрон учурган жаранга 100 миң сом, юридикалык жактарга 1 млн сом айып.
  • Атайын окуудан өтпөй, тиешелүү күбөлүгү, сертификаты же уруксаты жок туруп дрон учурган адамга 50 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып.
  • Өз колу менен чогултулган жана жарактуу экенин ырастаган документи жок дронду учурган адамга 100 миң сом, юридикалык жактарга 500 миң сом айып.

Айыпка жыгылгандан кийин аталган пункттарды бир жыл ичинде кайра кайталап бузгандарга айыппул эки эселеп салынат. 
 


Тектеш материалды окуу