Akchabarsearch
Минералдык суунун экспорту 202.4 миң лирге азайды

Жарыяланган

2026-03-09, 16:59

Минералдык суунун экспорту 202.4 миң лирге азайды

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандан чет жакка 1 млн 55.5 миң литр минералдык суу экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Чет жакка экспорттолгон суунун жалпы баасы 29.5 млн сом болгон.

Суунун көбү Казакстан (615.6 миң литр) менен Өзбекстанга (427 миң литр) экспорттолгон. Дагы 2.3 миң литр АКШга кетсе, 10.6 миң литр суу кайсы өлкөлөргө экспорттолгону көрсөтүлгөн эмес.

2025-жылдын жарым жылына караганда быйылкысында экспорт 202.4 миң литрге азайган. Былтыр алты айда 1 млн 257.9 миң литр суу экспорттолгон. 


Тектеш материалды окуу