
Жарыяланган
2026-03-09, 18:442026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 190.4 млн сомго пальма майы импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө 1506.7 тонна пальма майы импорттолгон.
Ал Кыргызстанга Малайзия (1061 тонна), Индонезия (225.8 тонна), Россия (109.1 тонна), Казакстан (88.4 тонна) жанан Өзбекстандан (22.4 тонна) сатып келинген.
2025-жылдын жарым жылында өлкөгө 1415.6 тонна ташып келинген. Былтыркы менен салыштырганда быйылкы алты айда 91.1 тоннага көп май импорттолгон.



