Akchabarsearch
    ЕАЭБ өлкөлөрү тышкы карызын 12.5 млрд долларга азайтты. Кыргызстандыкы канчага кыскарды?

    Жарыяланган

    2025-20-05, 10:39

    ЕАЭБ өлкөлөрү тышкы карызын 12.5 млрд долларга азайтты. Кыргызстандыкы канчага кыскарды?

    Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы карызы быйылкы жылдын 1-январына карата 59 млрд 449.1 млн долларды түздү. Бир жылда карыз 12 млрд 527 млн долларга азайган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылат. 

    Жалпы ЕАЭБ өлкөлөрүн алып караганда тышкы карыз кемигени менен ар бир өлкөнүкүнө өз-өзүнчө көз чаптырсак бири бересесин азайтканын, башкасы көбөйткөнүн байкайбыз.

    Мисалы Россиянын карызы 13 млрд 385.5 млн сомго кыскарып, жыл башына карата 19 млрд 324 млн сомду түзгөн. Ошондой эле Кыргызстандыкы 118.1 млн долларга кемип, 4 млрд 534.6 тышкы карызы калган. Беларусь бересесин 38.4 млн долларга кыскартууга жетишкен. Жыл башына карата ал 16 млрд 908.9 долларды түзгөн.

    Ошол эле учурда Казакстандын тышкы карызы 2025-жылдын 1-январына карата 12 млрд 773.5 млн долларга жеткен. Жыл ичинде коңшу өлкөнүн бересеси 964.1 млн долларга өскөн. Армениянын тышкы карызы 51 млн долларга көбөйүп, 5 млрд 908.8 млн долларды түзгөн.


    Тектеш материалды окуу