Жарыяланган
2026-02-03, 09:50Цзинань шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов Кытайдын Шаньдун провинциясынын коммунисттик партиясынын катчысы Линь У ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээли белгиленип, аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды. Айрыкча Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын өз ара өнөктөштүгүн активдештирүү зарылдыгы айтылды.
Эдил Байсалов Кыргызстанда жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү, чакан жана орто бизнести колдоо, экспортко багытталган өндүрүштөрдү өнүктүрүү боюнча демилгелерди көтөрдү. Ал бул иштер Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Линь У инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өнөр жай тармагында жаңы демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.
Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Шаньдун провинциясындагы бир катар алдыңкы машина куруу ишканаларынын иши менен таанышты.


