Akchabarsearch
Кыргызстандан жүгөрү Кытайга алгач ирет экспорттолду

Жарыяланган

2026-19-03, 10:21

Кыргызстандан жүгөрү Кытайга алгач ирет экспорттолду

Кыргызстандан Кытайга жүгөрү алгачкы жолу экспортко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-мартта жүгөрүнүн биринчи партиясы Кытайга жөнөтүлүп, анын көлөмү 25 тоннаны түздү. Экспорттоочу катары «Зиябидин Ата» дыйкан чарбасы чыкты.

Экспорт 2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кол коюлган фитосанитардык талаптар боюнча протоколдун негизинде ишке ашууда. Бул документ айыл чарба продукцияларын тышкы рынокко чыгарууда эл аралык талаптарды сактоого шарт түзөт.

Учурда Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ. Адистер бул көрсөткүч өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын белгилешет.

Министрлик мындан ары да өндүрүүчүлөрдү колдоону улантып, кыргыз айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыноктогу үлүшүн арттырууга багытталган иштерди жүргүзөрүн маалымдады.


Тектеш материалды окуу