
Жарыяланган
2026-28-08, 13:12Кыргызстан Кытайдын Сиань шаарынан жүк ташуучу борбор куруу үчүн 9 гектар жер тилкесин сатып алды. Бул тууралуу Улуттук инвестициялар агенттиги билдирди.
Жаңы борбор аркылуу Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк ташууларды уюштуруу пландалууда.
Жүктөр Сиань шаарынан Кашкарга чейин темир жол аркылуу, андан кийин Кашкардан Ош шаарына чейин автоунаа менен жеткирилет. Бул үчүн 30 жүк ташуучу унаа даярдалат.
Учурда Кыргызстан долбоорду ишке ашыруу боюнча Сиань шаарынын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Жүк борбору логистиканы жеңилдетип, Кытайдан Кыргызстанга товарларды жеткирүүнүн ыңгайлуу жолун түзүүгө мүмкүндүк берет.



