
Жарыяланган
2026-27-10, 15:16Социалдык тармактарда Каракол шаарында Ысык-Көлгө канализациялык суулар төгүлүп жатканы тууралуу видео тараган. Экология министрлиги бул маалыматты текшерип, көлгө саркынды суулар төгүлүп жатканы тастыкталбаганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы окуя болгон жерге барып, текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүү учурунда ал жерде заманбап балык чарбасын куруу иштери жүрүп жатканы аныкталган. Курулуш учурунда казылган чуңкурга жер астынан суу топтолгон. Аны чыгаруу үчүн насос менен сордуруп, Ысык-Көлгө агызышкан.
Министрлик көлгө канализациялык же өндүрүштүк саркынды суулар төгүлүп жатканы тууралуу маалымат текшерүү учурунда тастыкталбаганын белгиледи.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын Пристань конушунда курулуп жаткан балык чарбасы Ысык-Көлдөгү балыктардын санын көбөйтүүгө жана көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган.



