
Жарыяланган
2026-23-07, 09:39Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылындагы Т.Кентибаев көчөсүн асфальттоо үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Долбоордун жалпы баасы 11 млн 217 миң 53 сомду түзөт. Тендерди Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтү жарыялаган.
Тендердин алкагында Т.Кентибаев көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт. Жеңүүчү компания келишим түзүлгөндөн кийин 90 күндүн ичинде иштерди бүтүрүшү керек.
Тендерге катышуучу компаниялар 2024–2025-жылдары ушундай эле көлөмдөгү жол асфальттоо боюнча кеминде эки долбоорду аткарган тажрыйбага ээ болушу зарыл.
Долбоор боюнча 30% өлчөмүндө алдын ала төлөм каралган. Калган каражат иштер толук аткарылгандан кийин төлөнөт. Тендердик сунуштарды кабыл алуу 2026-жылдын 5-августуна чейин уланат.



