
Жарыяланган
2026-17-03, 09:38Бишкек шаарынын ошондой эле жакынды райондорунун тургундары 1 миллион сомго чейин мамлекеттик жеңилдетилген кредит алып, үйлөрүнө заманбап экологиялык таза жылытуу системаларын орното алышат. Бул кредиттик линия Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Насыялар үй чарбалары экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн 1 000 000 сомго чейин кредитти жылдык 8% пайыздык чен менен 60 айга чейин ала алышат.
Жабдууларды жеткирүүчү компаниялар үчүн өзүнчө кредиттик терезе каралган — 5 000 000 сомго чейин, жылдык 10% пайыздык чен менен 60 айга чейин.
Кредиттер долбоордун өнөктөш банктары — АБанк, Элдик Банк жана Бакай Банк аркылуу берилет.
Каржылоо төмөнкү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн каралган:
— жылуулук насостору
— электр панелдери
— инфракызыл жылыткычтар
— күн коллекторлору жана күн панелдери
— энергияны сактоо системалары.
«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоору Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин азайтууга багытталган. Анын ичинде көмүр менен жылытуудан пайда болгон PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн жана парник газдарынын чыгышын кыскартуу максаты коюлган. Жылытуунун заманбап технологияларын колдонуу абанын негизги булгоочу булактарынын бири болгон көмүр мештерин жана эски казандарды колдонуу көлөмүн азайтууга, ошондой эле калктын ден соолугуна тийгизген терс таасирин кыскартууга мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик кредиттер төмөнкү банктар аркылуу берилет: АБанк, Элдик Банк, Бакай Банк. Долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Насыя алуу шарттары жана талап кылынган документтердин толук тизмеси боюнча маалыматты долбоордун өнөктөш банктарынан алууга болот:
АБанк
Дареги: Бишкек ш., Логвиненко көч., 14
Телефон: 5511, +996 (312) 68-00-00
Элдик Банк
Дареги: Бишкек ш., Московская көч., 80/1
Байланыш борбору: 9111
Бакай Банк
Дареги: Бишкек ш., Мичурина көч., 56
Телефон: +996 (312) 90-50-50, кыска номер 6111
Кошумча маалыматты долбоордун Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасынан @proekty_minfin.kg алууга болот.
Тел: +996 506 66 76 76



