Akchabarsearch
Экспорттоочуларга кечиктирилген төлөмдөр маселесин чечүү сунушталды

Жарыяланган

2026-07-04, 16:50

Экспорттоочуларга кечиктирилген төлөмдөр маселесин чечүү сунушталды

"Перезагрузка" форумунда "Кыргызэкспорттун" жетекчиси Урмат Такиров тышкы рынокто иштеген компаниялар үчүн кассалык ажырым (акчанын убактылуу жетишсиздиги) системалуу көйгөй экенин билдирди.

Анын айтымында, экспорттоочулар үчүн негизги тобокелдик — келишимдер боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилиши. Бизнес товарды өндүрүү жана логистика чыгымдарын алдын ала өз мойнуна алат, ал эми чет элдик өнөктөштөрдөн акча кеч түшөт. Бул кассалык ажырымды жаратып, компаниялардын жүгүртүүдөгү каражаттарын чектеп коёт.

"Дээрлик ар бир экспорттук келишимде төлөмдөр кечиктирүү менен аткарылат. Бул аралыкта бизнесте акча жетишпей, каржылык кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн", — деди Такиров.

Бул маселени чечүү үчүн "Кыргызэкспорт" экспорттук келишимдерди каржылоо механизмин киргизүүнү сунуштап жатат. Бул система боюнча, келишимдеги милдеттенмелер каржы институттарына өткөрүлүп, ишкер сатып алуучудан төлөм келип түшө электе эле керектүү каражатты алууга мүмкүнчүлүк алат.

Долбоорго мамлекеттик органдар, каржы уюмдары жана өнүктүрүү институттары катышат деп күтүлүүдө. Ал эми экспорт борбору бизнес менен каржылоочу тараптардын ортосунда байланыштыруучу ролду аткарат.

Такиров белгилегендей, бул система ишке кирсе, экспорттоочу компаниялардын акча агымы туруктуу болуп, аларга ишин үзгүлтүксүз улантууга шарт түзүлөт.
 


Тектеш материалды окуу