
Жарыяланган
2026-25-05, 15:522026-жылдын январь–март айларында Кыргызстан 152.8 тонна бал экспорттоду. Экспорттун жалпы көлөмү 37.3 млн сомду же 426.6 миң долларды түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 78 тоннадан ашыкка көп.
Кыргыз балы экологиялык тазалыгы жана сапаты менен чет өлкөлүк рынокто суроо-талапка ээ болуп жатканы айтылды. Экспорттун негизги бөлүгү Өзбекстанга жөнөтүлгөн.
Ошондой эле министрлик бал өндүрүүчүлөрдү колдоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү иштери улантыларын билдирди. Анын алкагында сапат стандарттарын жакшыртуу, жаңы рынокторду табуу жана кыргыз балынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көңүл бурулат.



