Akchabarsearch
Электр энергиянын баасы кымбаттайт: 2030-жылга чейин баалар кандай өзгөрөт?

Жарыяланган

2026-24-02, 11:34

Электр энергиянын баасы кымбаттайт: 2030-жылга чейин баалар кандай өзгөрөт?

Быйыл 1-майдан тарта электр энергиянын баасы 27 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. 

Министрдин айтымында, электр энергиянын баасы 2027-жылы – 33 тыйынга, 2028-жылы – 39 тыйынга, 2029-жылы – 47 тыйынга жана 2030-жылы – 57 тыйынга көбөйүп, 2030-жылы электр энергиянын баасы өз наркына жетет. 

Эскерте кетсек, учурда жарандар 700 кВт/саатка чейинки электр энергиянын 1 киловатты үчүн 1 сом 37 тыйындан, 700 кВт/сааттан ашканда 2 сом 60 тыйындан төлөйт. 

2030-жылга чейин баалар кандай өзгөрөт (700 кВт/саатка чейин): 

  • 2026-жылдын 1-майынан тарта – 1 сом 64 тыйын; 
  • 2027-жылдын 1-майынан тарта – 1 сом 97 тыйын; 
  • 2028-жылдын 1-майынан тарта – 2 сом 36 тыйын; 
  • 2029-жылдын 1-майынан тарта – 2 сом 83 тыйын; 
  • 2030-жылдын 1-майынан тарта – 3.4 сом болот.

Тектеш материалды окуу