
Жарыяланган
2025-13-11, 12:05УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эттин баасынын өсүшү боюнча жергиликтүү бийликтегилерге катуу эскертүү берди. Бул тууралуу ал “Регион” телеканалында жасаган кайрылуусунда айтты.
Ал азык-түлүктөрдүн өсүшү боюнча тиешелүү Министрлер кабинети тарабына чаралар көрүлгөнүн белгиледи.
"Ошонун негизинде Министрлер кабинети эт азыктарынын баасы боюнча токтом кабыл алган. Бул эч жерде сакталбай жатыптыр. Мен аны элден угуп, базарлардан көрдүм. Кээ бир жердерде эттин баасы 800-900 сомго чейин чыгып кетиптир. Токтомдо эттин баасы 680-700 сомдон ашпасын деп жазылган. Муну изилдеп көрсөм, эт дүңүнөн 450-500 сомдон тапшырылат экен. Аны саткандар эки эсеге көбөйтүп жатыптыр. Бир килограмм этке 50-100 сом кошсо болот. Бизде болсо 900 сомго чейин болуп жатат. Муну ким көзөмөлдөшү шарт эле? Муну Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, жергиликтүү бийликтегилер караш керек болчу. Бирок бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликтегилер кайдыгерлик кылып жатышат. Ушул боюнча аларга кайрылат элем. Мындан ары бул боюнча жергиликтүү бийликтегилер жооп бересиңер. Кайсы жерде эттин баасы 800-900 сом болсо ошол жердеги аким, мэр, губернатор жооп бересиңер. Катуу эскертүү берем”, - деди Ташиев.



