
Жарыяланган
2026-13-02, 09:33Президент Садыр Жапаров УКМКнын Камчыбек Ташиевди кызматтан аларда ал менен байланышканын айтты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Садыр Жапаров алардын достугу кала бере турганын белгиледи.
“Камчыбек Кыдыршаевичти кызматтан аларда ал менен байланышып, кырдаалды түшүндүрүп, анан чечим кабыл алдым. Жогоруда айтканымдай, менин чечимим мамлекетибиздин, элибиздин тынчтыгы, биримдиги үчүн кабыл алынды.
Биздин достугубузду кайсыл бир кызматка же кандайдыр бир кызыкчылыкка байлоо туура эмес”, - деди Садыр Жапаров.



