Akchabarsearch
    Электрондук документке өтүү менен бюджеттен 1.2 млрд сом үнөмдөлдү

    Жарыяланган

    2025-10-07, 17:36

    Электрондук документке өтүү менен бюджеттен 1.2 млрд сом үнөмдөлдү

    Президенттин администрациясы жана мамлекеттик органдар электрондук документ алмашууга өтүшү менен бюджеттен 1 млрд 205.3 млн сом үнөмдөдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Маалыматка ылайык, учурда электрондук системаны 3 миң 415 мамлекеттик жана муниципалдык уюм, 135 коммерциялык уюм колдонууда. 

    2025-жылдын алты айында электрондук системада 5,2 миллионго жакын документ катталган. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 30%га (4 млн), ал эми 2023-жылдыкына караганда 73%га (3 млн) көп. 

    Күн сайын системада 40-42 миң документ катталат. 1-июлга карата системада 9 миң 500дөн ашык ченемдик укуктук актылардын долбоору иштелип чыккан. 

    "Документтерди электрондук түрдө иштетүү кагаз түрүндө иштетүүгө салыштырмалуу 1 документке 30 мүнөткө чейин убакытты үнөмдөйт (сканерлөө, көчүрүү, басып чыгаруу жана көчүрмөлөрдү аткаруучуларга таратуу, жөнөтүүгө даярдоо, кол коюуну күтүү ж.б. процедураларды кошо алганда). Документтерди кагаз түрүндө тариздөөдө кеңсе кагазынан тышкары башка дагы финансылык чыгымдар бар. Электрондук документ системасында иштөөдө кеңсе товарларына, кеңсе буюмдарына жана башка чыгымдарга кеткен каражаттар 90%га чейин кыскарат", - деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу