Akchabarsearch
    Ош унаа базарына кирүү үч күн акысыз болот

    Жарыяланган

    2025-11-07, 12:33

    Ош унаа базарына кирүү үч күн акысыз болот

    Ош унаа базары бүгүн, 11-июлдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

    Бүгүндөн баштап 13-июлга чейин базарга кирип-чыгуу акысыз болот.  

    “Унаа базар толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн. Унаа токтотуучу жайлар толук асфальт болуп, үстү жабык тосмолор, коомдук тамактануучу жайлар, даараткана жана административдик имараттар курулуп, айланасы атайын тосмо менен тосулуп, кире беришине автоматтык төлөм системасы орнотулган”, - деп билдирет мэрия. 


    Тектеш материалды окуу