Жарыяланган
2025-11-07, 10:55"Корзинка" компаниясынын негиздөөчүсү баштаган үч адам кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган компания чет өлкөлүк сатуулар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, эскилиги жетип, ыргытыла турган азыктарды Кыргызстанга алып келип, кымбат деген кафе-ресторандарга өткөрүп турган. Ал эскирген азыктарды жаңы товарлар менен аралаш ташып келгендиктен, өлкөгө алып келип жатканда аларды текшерип аныктоо кыйын болгон.
Товарлар европалык деп – италиялык соустар, сырлар, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүк катары көрсөтүлүп ташылып келген. Бирок иш жүзүндө алар жасалма, жарандардын ден соолугуна зыян алып келе турган азык болгон.
УКМК компаниянын бир нече кампасында тинтүү жүргүзүп, эскирген, жасалма продукцияларды аныктаганын билдирди. Ошондой эле товардын мөөнөтүн, этикеткаларды алмаштыра турган шаймандар табылып алынган. Бул товарлар соода түйүндөрү, онлайн аркылуу сатылып жатканын тастыктаган документтер табылган.
Учурда компаниянын иши токтотулуп, анын негиздөөчүсү З.С.Н., директору Р.С.В. жана дүкөндүн башкаруучусу С.О.В. №1 тергөө абагына камакка алынган.