Жарыяланган
2025-13-06, 11:38Бишкекте «Елизавета» курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Муниципалдык инспекция билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда компания "Жумабек 199" дареги боюнча курулуш жүргүзүп жаткан жерде бир нече эреже бузуу аныкталган.
Маселен, компания өтмөк жасоо үчүн курулуш жерге кире бериштеги жол жээкте турган арыкты бетон куюп жаап салган. Бул факт боюнча Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн.
Ошондой эле жолду булгаганы белгилүү болгон. Ага байланыштуу 177-берененин 2-бөлүгүнө ылайык протокол жазып берилген.
Аны менен бирге санитардык нормаларды бузуу жана курулуш калдыктарды таштоо боюнча 114 жана 115-беренелердин 1-бөлүгүнө ылайык дагы протоколдор түзүлгөн.
Аталган беренелер боюнча жалпы 76 миң сом айып салынган. "Елизавета" компаниясы мүчүлүштүктөрдү жоюуга милдеттендирилген.