
Жарыяланган
2026-09-11, 15:59Эми кыргызстандыктар Сейшел Аралдарына визасыз бара алат. Эки өлкө ортосундагы визалык тартипти жокко чыгарган макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Макулдашууга ылайык, кыргызстандыктар Сейшел Аралдарында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алат. Ошол эле учурда бир жыл ичинде жалпы 90 күнгө чейин визасыз жүргөнгө уруксат берилет.
Сейшел Республикасынын жарандары да ушул эле шарттар менен Кыргызстанга келе алышат.
Аталган мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.



