Akchabarsearch
Он айда бюджеттин кирешеси 669.6 млрд сомду түздү

Жарыяланган

2026-09-11, 18:00

Он айда бюджеттин кирешеси 669.6 млрд сомду түздү

2026-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин кирешеси 669.6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешмеде айтылды. 

Маалым болгондой, бюджеттин кирешеси белгиленген пландан 2.7%га же 17.3 млрд сомго көбүрөөк чогулган.

Аталган сумманын ичинен Салык кызматы 288.5 млрд сомду чогултуп, план 2.7 пайызга ашык аткарылган.

Мамлекеттик бажы кызматы 155.6 млрд сом чогултуп, план 4.1%га ашык аткарылган. 


Тектеш материалды окуу