
Жарыяланган
2026-17-06, 12:11Эми Кыргызстанда жарандар мамлекеттик баалуу кагаздарды MegaPay тиркемеси аркылуу сатып ала алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди.
Жапаровдун айтымында, аталган баалуу кагаздардын үстөк пайызы 17%ды түзөт.
Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Ал акча салгандан кийин үч айда бир 4 миң 250 сомдон пайыздык кирешени алып турат.
Ал эми жанагы салган 100 миң сомун эки жылдан кийин алат.
“Белгилей кетсек, мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору турат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына мамлекет тарабынан кепилдик берилгендиктен эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат.
Ошондуктан мен ар бир жараныбызды аталган демилгени колдоп, ага жигердүү катышууга чакырам”, - дейт ал.
Жапаров баалуу кагаздарды MegaPay тиркемеси аркылуу сатып алууга болорун, ал үчүн финансылык мекемелерге барып, убакыт коротуунун, ар кандай документтерди толтуруунун кереги жок экенин билдирди.
Жакын арада сатып алынган мамлекеттик баалуу кагаздарды кайра сатуу функциясы иштелип чыгат.



