Akchabarsearch
    Эми ОСАГО полисине буйрутма берүү “Компаньон” тиркемеси аркылуу мүмкүн — ылдам, ыңгайлуу жана коопсуз!

    Жарыяланган

    2025-02-06, 14:29

    Эми ОСАГО полисине буйрутма берүү “Компаньон” тиркемеси аркылуу мүмкүн — ылдам, ыңгайлуу жана коопсуз!

    Унааңыз үчүн ОСАГО полисин алуу оңой болду! Эми кеңсеге баруунун, кезек күтүүнүн, документ көтөрүп жүрүүнүн кереги жок. Компаньон Банкынын мобилдик тиркемеси аркылуу ОСАГОну онлайн тариздөөгө болот — болгону бир нече мүнөттүн ичинде.

    Эмне үчүн тиркеме аркылуу ыңгайлуу?

    • Кеңсеге баруунун кереги жок — бүт процесс онлайн өтөт
    • Унаанын маалыматы автоматтык түрдө толтурулат
    • Баа дароо эсептелет — бир нече секунд ичинде
    • Төлөм жана тастыктоо заматта
    • Убакыт үнөмдөйт — сиз каалаган учурда, кайсы жерде болбосун

    Кантип тариздөөгө болот?

    1.    “Компаньон” тиркемесин ачыңыз
    2.    Башкы беттен “Төлөмдөр” → “Өнүмдөр жана кызматтар” → “ОСАГО” бөлүмүн тандаңыз
    3.    Экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз

    Полис түзүлгөндөн кийин дароо колуңузга тиет — кагаз жок, күтмөй жок, стресс жок.

    «Биз кардарларга жөн гана банктык кызмат эмес, күнүмдүк маселелерди ылдам жана ыңгайлуу чечүүгө жардам берген толук кандуу санариптик экосистеманы сунуштоого умтулабыз. ОСАГО — коопсуздуктун маанилүү элементи, эми аны алуу мурдагыдан да жеңилирээк болду», — дейт Компаньон Банкы.

    Суроолоруңуз болсо, 88 00 номерине чалыңыз (мобилдик телефондон акысыз) же WhatsApp: 0 770 33 88 00 аркылуу жазыңыз.

    Компаньон Банкы — ар дайым жаныңыздада. 
     


    Тектеш материалды окуу