
Жарыяланган
2026-24-06, 12:312027-жылы президенттик шайлоо өтө турган күн өзгөрөт. Тиешелүү мыйзам 24-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды.
Төрага Марлен Маматалиевдин айтымында, былтыр парламент 2027-жылы боло турган президенттик шайлоону 24-январда, жекшемби күнү өтөт деп дайындаган.
Эми алар жаңы кабыл алган мыйзам боюнча шайлоо 27-январда, үчүнчү күнү өтө турган болот.
Ал билдиргендей, шайлоо күнүн жекшембиден үчүнчү күнгө жылдыруу эл шайлоого көбүрөөк келсин деген максатта жасалды.
Эми аталган мыйзам президент Садыр Жапаров кол койгондон кийин күчүнө кирет.



