Akchabarsearch
Эми жарандар облигация сатып алып, мамлекетке карыз бере алат

Жарыяланган

2026-15-06, 20:11

Эми жарандар облигация сатып алып, мамлекетке карыз бере алат

Эми жарандар мамлекеттик баалуу кагаздарды MegaPay тиркемеси аркылуу сатып алып, мамлекетке карыз бере алат.

Каржы министрлиги билдиргендей, учурда алар жарандарга сатуу үчүн мамлекеттик казына облигацияларын чыгарганы турат. Бул сыноо иретиндеги долбоор болмокчу.

Аталган баалуу кагаздар 2 жылга чыгарылат. Бир облигациянын номиналдык баасы 100 сом болсо, эң кем дегенде 1 миң сомго облигация сатып алыш керек болот. Жалпы 500 млн сомго мамлекеттик казына облигациялары чыгарылат: мындайча айтканда мамлекет баалуу кагаздарды чыгарып, элден 500 млн сом карыз алат. 

Мамлекет баалуу кагаздарды сатып алгандарга акчасын 17% үстөк пайыз менен кайтарып берет. Үстөк пайыздын кирешелери үч айда бир төлөнөт. Ал эми карыздын өзү 2 жылдан кийин толугу менен кайтарылат.

Маселен жаран 100 миң сомго баалуу кагаз сатып алса, эки жылда ага пайыз иретинде 34 миң сом төлөнөт. Ошондо үй айда бир 4 миң 250 сомдон төлөнүп турат. Эки жылдан соң жанагы 100 миң сом кайтарылат.

Каржы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздар дүйнөлүк тажрыйбада эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналарын, себеби киреше төлөнүп, акчанын кайтарыларына мамлекет кепилдик кыларын белгиледи. 

Министрлик аталган облигацияларды сатып алуу жөнөкөй, ашыкча жол-жобосуз болорун билдирди. Аларды MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууг болот. 


Тектеш материалды окуу