Akchabarsearch
MIslamic жана Mashina.kg аркылуу 15%дан баштаган автокаржылоо: 30-июнга чейин жетишип калыңыз!

Жарыяланган

2026-15-06, 18:47

MIslamic жана Mashina.kg аркылуу 15%дан баштаган автокаржылоо: 30-июнга чейин жетишип калыңыз!

MBANKтын исламдык банкинги MIslamic жана Mashina.kg Кыргызстандагы автоунаа сатып алуучулар үчүн пайдалуу шарттардагы биргелешкен авто каржылоо программасын ишке киргизди. Жарыялар платформасынан автоунаа тандап, онлайн арыз жөнөткөндө үстөк баа автоматтык түрдө 1%га төмөндөйт. Ал эми автоунаанын баасы 1 200 000 сомдон ашпаса, кардарлар баштапкы төлөмсүз каржылоого ээ боло алышат.

Автоунаа сатып алуу процесси убактыңызды жана каражатыңызды үнөмдөө үчүн дагы жөнөкөйлөштүрүлдү. Эгер автоунаанын баасы 1 200 000 сом чегинен ашпаса, баштапкы төлөм үчүн узак убакыт акча топтоонун кереги жок. Сиз Mashina.kg сайтынан же колдонмосунан автоунаа тандайсыз, арыз берүү баскычын басасыз, ошондо шарттар дагы пайдалуураак болуп, үстөк баа 1%га төмөндөйт. Бул мүмкүнчүлүк официалдуу иштеген кызматкерлерге, патент же күбөлүк менен иштеген ишкерлерге жана пенсионерлерге жеткиликтүү.

Авто каржылоого өтүнмөнү онлайн тариздеп, кеңселерге барбай жана ашыкча кагаз иштерисиз эле жөнөтсөңүз болот.

Бул үчүн төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

Mashina.kg сайтына же колдонмосуна кирип, каталогдон өзүңүзгө жаккан автоунааны тандаңыз.

• Калькулятордо каржылоонун мөөнөтүн жана баштапкы төлөмдүн суммасын жазыңыз. Бул ай сайын төлөнүүчү сумманы дароо көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер баштапкы төлөмсүз сатып алууну пландасаңыз, бул талааны өткөрүп жиберсеңиз болот.

• Кошумча пайдалуу шарттарды эске алыңыз:

– Баштапкы төлөм 10%дан 30%га чейин болсо, үстөк баа 1%га төмөндөйт;
– Баштапкы төлөм 30%дан жогору болсо, үстөк баа дагы 1%га кыскарат. Натыйжада жалпы үстөк баа 15%ды түзөт.

• Алдын ала чечим алуу үчүн менеджердин чалуусун күтүңүз. Адатта бул болжол менен 15 мүнөт убакытты алат.

Автоунаа сатып алардан мурун MBANK колдонмосуна кирип, жеткиликтүү лимитиңизди алдын ала текшерип, бюджетиңизди пландап алсаңыз болот.

MBANK – биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган.

КР УБнын №014/1 лицензиясы.


Тектеш материалды окуу