
Жарыяланган
2026-15-06, 18:00Жалал-Абад облусунун Манас шаарында асма жол салынышы мүмкүн.
Шаар бийлиги билдиргендей, мэр Абдупата Маткаликов францилык компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, калаадагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду талкуулаган.
Франциялык компания шаарда асма жол курууну сунуштап, эки тараптын макулдашуусу боюнча, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдала турган болгон.
Мэрия аталган долбоор ишке ашса, шаарга келген туристтердин саны көбөйө турганын билдирди.



