
Жарыяланган
2025-13-11, 15:41Энергетика министри Таалайбек Ибраев Энергетика министри Казакстанга берилген электр боюнча маалымат берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы Кыргызстан Казакстандан 900 млн кВт/саат электр энергиясын алган. Бул карыздан Кыргызстан 2025-жылы кутулганын белгиледи.
“Алар “бизге электр энергия берип тургула, кайра беребиз” деп кайрылышкан. Биз жок, суубуз аз дедик. Сүйлөшүү жүргүзүп, кышында кайра бересиңер деп, 132 млн 700 кВт/саат электр энергиясын берип туруп, кайра 175 млн 510 кВт/саат электр жарыгын алып жатабыз. Биз пайда көрдүк. 1 кВт берип туруп кайра 30 кВт коштуруп алдык. Азыр кышында алып жатабыз”, - деди министр.
Эске салсак, буга чейин казак басылмалары Кыргызстандан электр жарыгын сатып алганын жазышкан.



