Akchabarsearch
Садыр Жапаров Казакстандын ТИМ башчысы менен  соода жана энергетика маселелерин талкуулады

Жарыяланган

2026-13-02, 17:50

Садыр Жапаров Казакстандын ТИМ башчысы менен соода жана энергетика маселелерин талкуулады

Президент Садыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулады.

Жолугушууда соода-инвестициялык, транспорттук-транзиттик жана суу-энергетикалык тармактардагы кызматташтык, анын ичинде “Камбар-Ата – 1” ГЭСинин курулушу боюнча маселелер каралды. 

Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү координациялоо маселелери талкууланды.

Тараптар кыргыз-казак союздаштык мамилелерин мындан ары чыңдоого жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды сапаттуу ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.


Тектеш материалды окуу