Жарыяланган
2025-02-09, 11:47Алтынбек Рысбеков энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Дайындоо тууралуу документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Алтынбек Рысбеков өз каалоосу менен кызматтан бошотулган Нурлан Садыковдун ордуна келди.
Ал буга чейин Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясынын башкы директору болуп иштеп келген.