Akchabarsearch
Энергетика министрлиги Бишкек менен Чүйдө жарык эмне үчүн өчүрүлгөнүн түшүндүрдү

Жарыяланган

2026-21-07, 11:50

Энергетика министрлиги Бишкек менен Чүйдө жарык эмне үчүн өчүрүлгөнүн түшүндүрдү

Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым аймактарында жарыктын убактылуу өчүрүлүшү электр энергиясынын жетишсиздигинен эмес, ысык күндөрдө электр жабдууларын ашыкча жүктөн сактоо үчүн жасалган. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, абанын температурасы кескин көтөрүлгөндө электр энергиясын колдонуу көбөйгөн. Мисалы, 19-июлда өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 50.122 млн кВт⋅саатка жетип, былтыркыга салыштырмалуу 18%га өскөн.

Министр ысыкта электр линиялары менен көмөк чордондорго күч көп түшөрүн белгиледи. Абанын температурасы 45 градуска жакындаганда электр линияларынын иштөө мүмкүнчүлүгү болжол менен 25%га төмөндөйт. Бул жабдуулардын бузулуу коркунучун жогорулатат.

Ошондуктан энергетиктер тармактарды сактоо үчүн айрым жерлерде электр энергиясын убактылуу чектеп, жүктөмдү азайтууга аргасыз болушкан.

«Негизги максат — электр системасын коопсуз сактап, кымбат баалуу жабдуулардын иштен чыгышына жол бербөө», — деди Рысбеков.

Анын маалыматына ылайык, эң көп жүктөм Бишкек шаарында жана борборго жакын жайгашкан Чүй облусунун айрым айыл-кыштактарында болгон.
 


Тектеш материалды окуу