
Жарыяланган
2026-21-10, 12:362026-жылдын башынан бери 70 чакырымдай газ түтүгү тартылып, 13 миң үй газдаштырылды. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Энергетика министринин айтымында, газдаштыруу жана долбоорлоо-изилдөө иштери Ак-Босого, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы Биримдик, Селекционное конуштарында жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 13 миңдей турак жай газдаштырылды.
Рысбеков белгилегендей, 2026-жылдын 9 айынын ичинде 373.4 млн метр куб жаратылыш газы керектелди. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37.5 млн метр кубга көп.
Министрдин айтымында, өлкөдө газдаштыруунун деңгээли 46%га жетти. 2036-жылга чейин бул көрсөткүчтү 60%га жеткирүү пландалууда.


