Akchabarsearch
Энергетика министрлиги Кытай менен электр заряддоо станцияларын өнүктүрүүнү макулдашты

Жарыяланган

2026-26-03, 13:35

Энергетика министрлиги Кытай менен электр заряддоо станцияларын өнүктүрүүнү макулдашты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга жумушчу сапар менен барып, электр заряддоо станциялары жана энергия сактоо системаларын өнүктүрүү боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министр Жухай шаарындагы Шуйфа корпорациясынын өндүрүштүк объектине барып, директордун орун басары Янг Бин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен Шуйфа корпорациясынын ортосунда заряддоо станцияларын жана энергияны сактоо системаларын өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча меморандум түзүлдү.

Иш сапардын алкагында министр NUCL New Energy Tech компаниясынын негиздөөчүсү Юлинь Лян менен жолугуп, электр станцияларын орнотуу жана заманбап чечимдерди колдонуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Компания кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандан барган делегация Zhejiang Anfu Energy компаниясынын өкүлдөрү менен жабдууларды жеткирүү жана технологияны локалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул кызматташтык Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.


Тектеш материалды окуу