Жарыяланган
2026-23-01, 14:14Бүгүн, 23-январда Энергетика министрлигине 37 автотранспорт каражаттары тапшырылды. Техникаларды сатып алууга жалпы 145.8 млн сом жумшалган. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Алардын ачкычтарын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев салтанаттуу иш-чарада тапшырган.
Транспорт каражаттарынын ичинде бригадалык авто-унаалар, экскватор-жүктөгүчтөр жана авто-көтөргүчтөр бар.
Касымалиев энергетика тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен электр энергиясы тармагында курулуш жана модернизациялоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.
Белгилей кетсек, 2025-жылы энергетика жана көмүр тармагына жалпы 160тан ашуун атайын автотранспорт каражаттары сатып алынган.


