
Жарыяланган
2026-30-06, 10:36Кыргызстанда эртең, 1-июлдан тарта лицензиясы жок иштеген такси айдоочуларына айып салына баштайт.
Лицензия албай иштеген жарандарга 7.5 миң сом айып каралган. Ошондой эле оң рулдуу такси унааларына лицензия берилбей тургандыктан, бул унаалардын ээлерине да такси кылганга уруксат эмес.
Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, алардын маалыматы боюнча өлкөдө 35 мин такси айдоочусу бар. Ал эми маалымат системаларындагы маалымат боюнча 60-70 миң киши такси кылат.
19-июнга карата Кыргызстанда 17 миңден ашык жаран такси кылганга лицензия алган.



