Akchabarsearch
    Эсеп палатасынын кызматкери пара менен кармалды, анын жетекчиси кызматтан кетти

    Жарыяланган

    2025-05-08, 10:27

    Эсеп палатасынын кызматкери пара менен кармалды, анын жетекчиси кызматтан кетти

    Эсеп палатасынын түштүк бөлүмүнүн кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

    Маалым болгондой, Эсеп палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери (Б.М.) Тогуз-Торо районунун жергиликтүү бийлик органдарында текшерүү жүргүзүп, айыл өкмөттөрдүн биринде майда каржылык мыйзам бузууларды аныктаган. Андан кийин ал жерде иштеген бухгалтерден 700 миң сом опузалай баштаган.  

    Кийин 700 миң сом пара алуу фактысы аталган кызматкер (Б.М.) менен анын орнтомчусу болгон жаран (Т.М.) кармалган. 

    Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. 

    Атайын кызмат эске салгандай, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 9-июлда Ош шаарында бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, ага Эсеп палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Азим Кожомуратов катышкан. Ташиев ага кол алдындагы кызматкерлери коррупцияга аралашып жатканын айтып, "инспекторлор акча албайт деп айта аласызбы" деп сураганда, Кожомуратов кызматкерлери акча албай турганын, эгер андай фактылар ачыкталса, кызматтан кетүүгө даяр экенин айткан. 

    Кол алдындагы кызматкери пара алып кармалгандан кийин Азим Кожомуратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.


    Тектеш материалды окуу