
Жарыяланган
2024-06-12, 16:30Бишкек — Күнтуу — Белогорка — Суусамыр жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Евразия өнүктүрүү банкы жолдун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесине 200 миң доллар бөлөт.
Бишкек — Күнтуу — Белогорка — Суусамыр жолу азыркы каттамдан 164 чакырым кыска болуп, түндүк менен түштүк аймактарынын ортосундагы жол жүрүү убактысын болжол менен 2-4 саатка кыскартат. Ошондой эле жолдун курулушу эл аралык жана ички туризм менен сооданы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.
Долбоор Бишкек менен Оштун ортосундагы жол тыгындарын азайтууга багытталган.



