
Жарыяланган
2026-10-09, 10:32Фермерлер абердин-ангус асыл тукум уйларын сатып алуу үчүн 3%дык жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Насыя алуу үчүн «АБанк» же «Элдик Банкка» кайрылуу керек. Насыя 5 жылга чейин, 12 ай жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. 500 миң сомго чейин күрөөсүз, ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин күрөө менен насыя алууга болот.
Сатып алынып жаткан малдын асыл тукум күбөлүгү, ветеринардык маалымкат, идентификациялык жана келип чыгышын тастыктаган тиешелүү документтери болушу керек.
Насыяны алуу үчүн сөзсүз асыл тукум чарба статусу керек эмес. Негизги талаптардын бири — малды багып, тоюттандыруу үчүн тиешелүү шарттардын, карантиндик зонанын жана ветеринардык тейлөөнүн болушу зарыл.
Банк тарабынан насыя жактырылгандан кийин фермерлер министрликтин «Кыргыз Агрохолдинг» компаниясы менен келишим түзүп, абердин-ангус уйларын сатып ала алышат.
Бардык башка суроолор боюнча 1210 кыска номерине байланышып, толук маалымат алууга болот.



