
Жарыяланган
2026-10-09, 12:48Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн жасабаган жарандар кийин пенсияга чыга албайт. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Соцфонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында,аларга Соцфондго акча которбой, бирок пенсия тууралуу кайрылган жарандар бар. Соцфонд деген сөздү укканда дароо стаж тууралуу ойлонушу керек. Стажы жок жаран Социалдык фонддон пенсия ала албайт.
"Кыргыздар айтмакчы, муну оң кулагыңыздар, сол кулагыңыздар менен угуп коюңуздар", - дейт ал.
Ал билдиргендей, эч жерде иштебегендиктен стажы жок болгон "баатыр энелер" да аларга пенсия бергиле деп кайрылышат.
"Социалдык фонд пенсия бериш керек, биздин жети балабыз бар" деген сунуш менен кайрылгандар көп болуп жатат. Тилекке каршы Социалдык фонд эмгек стажы жок жарандарга пенсия чегербейт. Анткени стаж болбосо, эч кандай пенсия берилбейт", - дейт ал.
Сөзүн улай Мукамбетов жаран кеминде бир жыл Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмүн которгон болсо, балдарын карап отурган, окуу жайда окуган сыяктуу камсыздандыруу төгүмүн төлөбөгөн учурлар да стаж катыр эсептелип, ал пенсияга чыга алат.
Ал бир да жолу Социалдык фондго акча которбой пенсия берүүнү сураган туура эмес экенин билдирди.



