
Жарыяланган
2026-10-09, 11:42Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жалпы республикалык тестирлөөнү биринчи жолу тапшыргандар үчүн акысыз кылууну сунуштап жатат. Депутат даярдаган тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Азыр Кыргызстанда окууга жайга тыпшыргысы келгендер тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнү Билимди баалоо борбору даярдап, өткөрөт. Тестирлөөнү өткөрүү үчүн аталган борбор ар бир тапшырыла турган сабак үчүн акы алат. Мындайча айтканда тестирлөө мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн, алардын ата-энелеринин чөнтөгүнүн эсебинен өткөрүлөт.
Депутат Дастан Бекешев тестирлөөнү өлкө бюджетинин эсебинен өткөрүп, биринчи жолу катышып жаткандар үчүн тестирлөөнү акысыз кылууну сунуштоодо. Тестирлөөнү кийин кайра кайталап тапшыра тургандар болсо, анысында сынакка катышуу акысын өз чөнтөгүнөн төлөй турган болот.
Ошондой эле депутат тестирлөөнү азыркыдай эле мамлекеттик эмес мекеме өткөрө берсин, бирок тестирлөөгө катышуу акысын өкмөт аныктасын деп сунуштап жатат.
Мындан тышкары ал тестирлөөнү электрондук түрдө да өткөрүүнү демилгелеп жатат. Депутат бул нормаларды 2028-жылдан тарта киргизүүнү сунуштоодо.



