
Жарыяланган
2026-10-09, 12:00Социалдык фонд 2026-жылдын январынан август айына чейин Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддон 15 млрд 61 млн сомду инвестиция кылды. Бул тууралуу Соцфонд билдирди.
Анын ичинен 11 млрд 489.4 млн сом мамлекеттик баалуу кагаздарга салынган. Анын кирешелүүлүгү 12.86-16%ды түзөт.
Дагы 3 млрд 571.6 млн сом коммерциялык банктардагы депозиттерге 12 жана 18 айлык мөөнөткө 11.3-14.3% менен салынган.
Ал эми буга чейин инвестицияланган акчалар боюнча быйылкы сегиз айда 5 млрд 53.6 млн сом киреше алынган.
Анын ичинен:
Эскерте кетсек, Топтомо фонд жарандардын Соцфондго төлөгөн каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Жарандар Соцфондго эмгек акысынын 10%ын которсо, анын 2%ы Топтомо фондго түшөт. Бул каражаттар жарандар пенсияга чыкканда колуна берилет. Ошондой эле акчаны пенсияга чыкканга чейин эле, ипотекага үй алып жатканда, дарыланууга, чет өлкөгө көчүп кетип жатканда (жана башка учурларда) алса болот.



