Akchabarsearch
    Фитосанитардык эреже бузуулар үчүн Кытай менен Нидерландга нота жөнөтүлдү

    Жарыяланган

    2025-20-08, 11:51

    Фитосанитардык эреже бузуулар үчүн Кытай менен Нидерландга нота жөнөтүлдү

    Быйыл жет айда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 445.3 тонна жүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 29 учур катталган. Келген жүктүн жалпы салмагы 445.3 тоннаны түзөт. Анын ичинде 70.5 миң көчөт жана 11.4 миң гүл бар. 

    Анын ичинен:

    • Казакстандан — 193.9 тонна;
    • Россиядан — 69 тонна;
    • Өзбекстандан — 80.82 тонна, 70 515 даана көчөт;
    • Кытайдан — 26.13 тонна, 8050 даана гүл;
    • Башка өлкөлөрдөн — 41.5 тонна, 3337 даана гүл. 

    Аталган жүктөр артка кайтарылган, жок кылынган же зыянсыздандырылган. Ошондой эле дипломатиялык каналдар аркылуу Кытай жана Нидерланд мамлекеттерине нота жиберилген.


    Тектеш материалды окуу