Жарыяланган
2025-27-05, 09:27Франция Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Париж шаарында Франциянын тышкы соода маселелери боюнча министри Лоран Сен-Мартен менен жолуккан. Анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара соода жана инвестиция тармагындагы байланыштарды бекемдөө, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган. Ошондой эле товар жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана эки мамлекеттин ишкер коомчулугунун ортосундагы өз ара кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу сөз болгон.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан Франция менен өз ара пайдалуу, узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экени айтылып, мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосундагы түз диалогду активдештирүүнүн маанилүү экени белгиленген. Аны менен катар экономикалык кызматташууну бекемдөөгө жана заманбап технологиялык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу сунушу айтылган.
Өз кезегинде, Лоран Сен-Мартен эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, кыргыз жана француз ишкерлери ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирген. Ал Кыргызстан Борбор Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары жогорку потенциалга ээ экенин да өзгөчө белгилеген.
Министрлик билдиргендей, Лоран Сен-Мартен жакынкы күндөрү расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Анын алкагында ал кыргыз-француз бизнес форумуна катышып, министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.