Жарыяланган
2025-27-05, 14:18Кыргызстанда ичимдиктердин өндүрүшү азаюуда: 2024-жылы январь-апрель айларында 18 млн литр чыгаралса, быйыл төрт айда 17.4 млн литрге чейин азайган. Бул туралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Шампандын өндүрүшү 16.2 миң литрден 4.8 миң литрге чейин, шараптыкы 87.3 миң литрден 34.7 миң литрге дейре азайган. Ошондой эле сыранын өндүрүшү 9.9 млн литрге чейин кыскарган.
Бирок этил спиртинин өндүрүшү өскөн. Былтыр төрт айда 3.6 млн литр чыгарылса, быйыл 4.3 млн литр өндүрүлгөн.