Akchabarsearch
    Орто-Токой ГЭСи салынгандан кийин 14 миңден ашык абонентти электр энергия менен камсыз кылат

    Жарыяланган

    2025-27-05, 17:53

    Орто-Токой ГЭСи салынгандан кийин 14 миңден ашык абонентти электр энергия менен камсыз кылат

    Орто-Токой ГЭСинин курулушу аяктагандан кийин ал Балыкчы шаарынын 14 миңден ашык тургунун электр энергия менен камсыз кылат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. 

    ГЭС былтыр 29-июнда салына баштаган. Учурда курулуш иштери 50%га аткарылды. Орто-Токой ГЭСи 2026-жылдын биринчи бөлүгүндө ишке берилет деп пландалууда. Анын кубаттуулугу 21 МВт болот.

    Бул долбоорду "Чакан ГЭС" ишканасы Кытайдын China National Machinery Industry Corporation (CHMC) компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.


    Тектеш материалды окуу