Жарыяланган
2025-29-05, 17:57Улуттук банк Бишкектеги «ВЕЛКОМ ЛТД» акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Аталган акча алмаштыруучу жай Байтик Баатыр көчөсү, 13-үй, 3-батир дарегинде жайгашкан. Ал Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузганы үчүн накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн берилген лицензиясынан ажыратылган.